Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруунун болжолдуу баасы 3-5 млрд долларга чейин болот

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруунун болжолдуу баасы 3 миллиард доллардан 5 миллиард долларга чейин болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.   Анын айтымында, президент Садыр Жапаров май айында Кытайга барат. Ал жерде үч өлкөнүн лидерлери каржылоо моделдерин бекитет деп… Кененирээк…

Алыдады эс алуу күндөрү Бишкекте жылуу жана жагымдуу аба-ырайы турукташат

Алыдады эс алуу күндөрү Бишкекте жылуу жана жагымдуу аба-ырайы турукташат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн ордо калаада аба табы 26 градуска чейин көтөрүлөт. Жаан-чачын күтүлбөйт.   Эртең асманды ала булут каптап, кечкисин кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. Бирок температура +23 градусту көрсөтүп, жылуу болот. Биринчи майда… Кененирээк…

Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2 күнгө узартылды

Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2 күнгө узартылды.   Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, отчетту тапшыруунун акыркы күнү 30-апрель жекшембиге туш келип, 1-май майрам күнү деп белгиленди.   Буга байланыштуу, мөөнөт 2-майга чейин узартылды. Салык органдары 30-апрелде, 1-2-майда декларацияны саат 9дан түнкү 12ге чейин кабыл алат. Жеке… Кененирээк…

Милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө

Милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө.   Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, май майрамдарында коомдук коопсуздукту 5 миңден ашык тартип сакчы камсыздайт.   Мындай күчөтүлгөн режим 1-майдан 10-майга чейин күчүндө болот. Өзгөчө көңүл эл көп чогулган жерлерге жана стратегиялык маанилүү объектилерге бөлүнөт.

Бишкектен Сочи шаарына туруктуу авиа каттамдарды кое берүү пландалууда

Бишкектен Сочи шаарына туруктуу авиа каттамдарды кое берүү пландалууда.   Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Алдын ала маалымат боюнча учактар 5-майдан тарта каттап баштайт.   Багыт аптасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат.

Бишкектин Көлмө конушунда Мыскал көчөсү оңдолот

Бишкектин Көлмө конушунда Мыскал көчөсү оңдолот. Мэриянын маалыматына ылайык, калыбына келтирүү иштери анын Мидин көчөсүнөн Жаш Гвардия гүлбагына чейинки тилкесинде жүргүзүлүп баштады.   Ошондой эле андагы тротуарды жана ирригациялык тармакты жаңыртуу пландалууда. Аба-ырайы туруктуу болсо, иштер   2 күндө аяктайт. Андан кийин жөө жүрүүчүлөр жолчосу көрктөндүрүлүп,… Кененирээк…

Россиялык интернет-аукциондордун биринде 500 сомдук купюра сатылып жатат

Россиялык интернет-аукциондордун биринде 500 сомдук купюра сатылып жатат. Анын баштапкы баасы – 19 миң 400 рубль. Тагыраак айтканда, ал өз наркынан 41 эсе жогору сатылууда.   Себеби — банкнота алмаштыруу сериясында чыгарылган, жарактан чыккан купюраларды алмаштыруу үчүн колдонулат. Алардын катар номери башкача болот. Мындай банкноталар… Кененирээк…

Бишкекте Токомбаев көчөсү убактылуу жабылат

Бишкекте Токомбаев көчөсү убактылуу жабылат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 10-майга чейин Токомбаев көчөсүнүн Майрам көчөсүнөн 7-апрелге чейинки тилкеси чектелет.   Бул жерде магистралдык канализациялык тармактарды жаңыртуу иштери жүргүзүлөт. Айдоочуларга тыгындарды алдын алуу үчүн каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.

Кыргызстандык алты дзюдочу Доха шаарына дүйнө чемпионатына барат

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Доха шаарында (Катар) өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады. Билдирмеге ылайык, чемпионат 7-майда башталып 14-майга чейин уланат. Дохага бара турган спортчулар: Ханболот Ырысбеков — 60 кг; Кубанычбек Айбек уулу — 66… Кененирээк…

Япония бүгүнтөн тарта туристтер үчүн бардык коронавирустук чектөөлөрдү алууда

Япония бүгүнтөн тарта туристтер үчүн бардык коронавирустук чектөөлөрдү алууда. Эми өлкөгө кирүү үчүн 3 доза вакцина алгандыгын тастыктаган сертификатты жана ПЦР-тесттин таза жыйынтыгын көрсөтүүнүн кереги жок.   Алгач, чектөөлөрдү 8-майдан тарта алуу пландалган. Бирок бийлик мөөнөттү жылдыруу чечимин кабыл алды.   Апрелдин аягында – майдын… Кененирээк…