Япония бүгүнтөн тарта туристтер үчүн бардык коронавирустук чектөөлөрдү алууда. Эми өлкөгө кирүү үчүн 3 доза вакцина алгандыгын тастыктаган сертификатты жана ПЦР-тесттин таза жыйынтыгын көрсөтүүнүн кереги жок.
Алгач, чектөөлөрдү 8-майдан тарта алуу пландалган. Бирок бийлик мөөнөттү жылдыруу чечимин кабыл алды.
Апрелдин аягында – майдын башында Японияда узак эс алуулар башталып, адатта туристтер көп келет.