Кыргызстандык алты дзюдочу Доха шаарына дүйнө чемпионатына барат

Rio de Janeiro — Victor Penalber, do Brasil, é eliminado por Sergiu Toma, dos Emirados Árabes Unidos, na categoria até 81kg do judô masculino na Arena Carioca dos Jogos Olímpicos Rio 2016. (Fernando Frazão/Agência Brasil)
Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Доха шаарында (Катар) өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.
Билдирмеге ылайык, чемпионат 7-майда башталып 14-майга чейин уланат.
Дохага бара турган спортчулар:

Ханболот Ырысбеков — 60 кг;

Кубанычбек Айбек уулу — 66 кг;

Чыңгызхан Сагыналиев — 73 кг;

Эртур Турдубаев — 73 кг;

Асад Масабиров — 81 кг;

Эрлан Шеров — 90 кг.

Курама команда улук машыктыруучу Сергей Кладнов, башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусовдун жетекчилиги алдында чыгат.