Кыргызстанда жыл башынан бери жумушсуз адамдардын саны 2,5 пайызга кыскарды. Эмгек, социаллдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 4 айдын жыйынтыгы менен жумушу жок деп катталган жарандардын саны 142 миң 600дү түздү.
Мындай ыйынтык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш-аракеттерди жүргүзүү менен жетүүгө мүмкүн болду.
Жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкекте жана Чүй облусунда катталган.