Мугалимдерге акыркы коңгуроодо белек алууга тыюу салынат. Тиешелүү буйрукка Билим берүү министри Каныбек Иманалиев кол койду. Андан тышкары, кафе-ресторандарда, жаратылыш койнунда майрамдоого, ата-энелерден акча чогултууга уруксат берилбейт.
Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктарына жүктөлдү. Эске салсак, өлкө мектептеринде акыркы коңгуроо 25-майда кагылат.