Ысык-Көлдө милиция туристтердин коопсуздугун камсыздоого даяр

Ысык-Көлдө милиция туристтердин коопсуздугун камсыздоого даяр. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тартип сактоого  1 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.

 

Кийин алардын саны абалга жана эс алуучулардын агымына жараша көбөйүшү мүмкүн. Трассаларда жол инспекторлорунун үзгүлтүксүз көзөмөлү уюштурулган 50дөн ашык пост пайда болот.

 

Андан тышкары, туристтик милициянын кызматкерлери облустун туристтик аймактарында атайын жол тандабастар менен жана жөө кайгуул жүргүзөт.