Баткен районунун Самаркандек айылында оорукананын курулушу жыл аягына чейин жыйынтыкталат

Баткен районунун Самаркандек айылында оорукананын курулушу жыл аягына чейин жыйынтыкталат.

 

Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, чектеш аймакта жайгашкан медициналык мекеме 75 орунга чакталат.

 

Анда бардык зарыл шарттар каралат. Оорукананын курулушуна каражат президенттик фонддон бөлүнгөн. Эске салсак, аталган медициналык жай кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланган.