Кыргызстандан сыртка быйылкы январдан мартка чейин 149 миллион 640 миң доллар которулган

Кыргызстандан сыртка быйылкы январдан мартка чейин 149 миллион 640 миң доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты. Кеп жеке тараптардын акча которуу системасы аркылуу жөнөткөн каражаттары тууралуу жүрүп жатат.

 

Алар ар кыл валютада жиберишкени менен жыйынтык сумма доллардын эквивалентинде көрсөтүлөт. Эгерде ар кыл жылдардын биринчи кварталы менен салыштыра келгенде, быйыл эң көп сумма болгонун байкоого болот.