Бишкек-Кара-Балта жолун курууда 104 млн сомдон ашык зыян келтирилген

Бишкек-Кара-Балта жолун курууда мамлекетке 104 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

 

Текшерүүнүн натыйжасында көчөгө жарык бере турган 450 темир мамы, 36 парапет, эки аялдама, темир торлор, асфальт бетону жана башка мүлктөр жетишсиз болуп чыккан. Ошондой эле асфальт жука төшөлгөнү аныкталды.

 

Бирок көзөмөл органы кимге кылмыш иши козголгонун жана анын алкагында кимдир бирөө кармалып-кармалбаганын тактаган жок.

 

Эске салсак, Садыр Жапаров былтыр февралда Бишкек-Кара-Балта жолун 2022-жылдын аягына чейин бүткөрүүнү тапшырган. Унаа жана жолдор министрлиги болсо трассанын курулушу быйыл толугу менен аяктайт деп ишендирип келатат.