Кыргызстандын мектептеринде окуучуларды 5,5 жаштан кабыл алуу сунушталды

Кыргызстандын мектептеринде окуучуларды 5,5 жаштан кабыл алуу сунушталды. Тиешелүү норма “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда жазылганын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу парламентте билдирди.

 

Чиновник белгилегендей, жаңы изилдөөлөр 5,5 жаштан баштап балдар мектепке даяр экенин көрсөтүүдө.  Бирок бардык бала бул жашта билим алууга милдеттүү эмес, акыркы чечимди ата-энелер кабыл алат, деп кошумчалады Абазбек уулу.