Жалал-Абадда коон-дарбыз бышып калды

Жалал-Абадда коон-дарбыз бышып калды. Дыйкандар эгиндерин Бишкек менен Жалал-Абаддын базарларына жөнөтө башташты.

 

Азыр талаадан келген дарбыздын килограммы 30-35 сом, коон 25-30 сомдон сатылууда. Бул баа азырынча дыйкандар үчүн жакшы, бирок бир жумадан кийин товар көбөйүп, баалар түшө баштайт.

 

Эске салсак, былтыр июнь айынын аягында дарбыздын килограммы 10 сомдон сатылган.