Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү бүгүн, 6-июнда түнкү саат 03:11де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

 

Жер титирөө Сузак районунун Кара-Чолок, Таран-Базар айылдарында 3 балл, Кара-Алма, Саты, Калмак-Кырчын, Жийде, Канжыга, Сай, Карамарт, Ак-Тоок, Сары-Булак айылдарында жана Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет, Орказган айылдарында 2.5 баллга чейин сезилген.

 

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.