Бишкек жана Астана шаарларын байланыштырган аба каттамы жанданды. Казакстандык лоукостер 10-июндан тарта рейстерди аткарып баштады.
“Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, учактар жумасына эки ирет – шейшемби жана ишемби күндөрү учат.
Эки шаардын ортосундагы аралык 900 чакырымдан ашат. Учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт.