Билим берүү министрлиги “Эл үмүтү” стипендиясына документтерди кабыл алуусун улантууда

Билим берүү министрлиги “Эл үмүтү” стипендиясына документтерди кабыл алуусун улантууда. Сынакка 100 мыкты университеттердин тизмесиндеги окуу жайга билим алууга кабыл алынган жарандар катыша алат.

 

Кененирээк маалымат ведомствонун сайтында жеткиликтүү. Эске салсак, “Эл үмүтү” президенттик стипендиясы өткөн жылдын май айында негизделген. Бир жылдык стипендиянын өлчөмү 50 миң доллардан ашпашы керек.