Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди 16-июнда каттап баштайт

Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди 16-июнда каттап баштайт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 16-июлга чейин курам жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттаса, 17-июлдан тарта күн сайын жүрөт.

 

Бишкектен поезд таңкы саат 7:40та чыкса, Балыкчыга 11:40та жетет. Кайра артка поезд Балыкчыдан 17:48де чыгып, ордо калаага кечки 9.50дө келип калат.