Кыргызстанда үй шартында бала бакча иштеткендер салыктан бошотулду

????????????????????????????????????

Кыргызстанда үй шартында бала бакча иштеткендер салыктан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, бул жеңилдик жеке ишкелерге гана тиешелүү.

 

Алар нөлдүк ставка менен бирдиктүү салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтө алышат. Жеке ишкер өзүнө камсыздандыруу полисин, ал эми кызматкерлерине электрондук патент жана полис сатып алат.

 

Алар киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчет берүүдөн бошотулат. Бирок жыл сайын 1-апрелге чейин салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек.