Бишкектин эки борбордук көчөсү бүгүн жабылат

Бишкектин эки борбордук көчөсү бүгүн жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милициядан кабарлашты. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан — Иран футбол беттеши өтөт.

 

Буга байланыштуу, саат 4төн тарта Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдо-Панфилов тилкеси тосулат. Оюн учурунда коомдук тартипти эки миңге чукул милиция кызматкери камсыздайт.