Шопоков шаарындагы мунай базасында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жалынды басууга 13 өрт өчүрүүчү бригада тартылды, ошондой эле, жеринде өрт өчүрүүчү поезд жана 3 тез жардам кызматы иштеди.
Алдын ала маалымат боюнча, 6 цистерна, 2 бензовоз жана 4 жеңил унаа күйүп кетти.
4 адам жабыркап, бири кайра жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жеткирилди. Эске салсак, мунай базасында өрт кечээ кечке маал чыкты. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.