Кыргызстанда жарым айда эле күрүчтүн баасы 8 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Эгер 31-майда аталган азыктын бир килограммы 120 сом турса, эми баалар 128 сомго теңелүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата эң кымбат күрүч Кара-Сууда – 163 сом, Исфанада 150 сом, Жалал-Абадда 143 сом.
Ал эми эң арзан Өзгөндө, бул жерде күрүчтүн бир килограммын 89 сомго сатып алса болот.