Боом капчыгайында жол ачык

Боом капчыгайында жол ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен бизге билдиришкендей, учурда Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолунда транспорт эч тоскоолдуксуз өтүп жатат.

 

Эске салсак, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан кийин Боом капчыгайына кире бериш жерде сел жүргөн. Кыймыл бир тараптуу уюштурулуп, жеринде атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.