Кыргызстанда активдерди ыктыярдуу түрдө мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзам күчүнө кирди

Кыргызстанда активдерди ыктыярдуу түрдө мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзам күчүнө кирди. Президент кол койгон документ “Эркин-Тоо” гезитинде жарыяланды. Эми кыргызстандыктар мыйзамсыз байыса дагы, мүлкүн декларациядан өткөрө алат.

 

Мамлекеттик органдар ал кайдан келип чыкканын сурабайт жана текшербейт.

 

Мамлекет тарабынан кылмыш иши козголбой турганына кепилдик дагы берилет. Эске салсак, бул демилге буга чейин коомчулук тарабынан сынга алынып келген, бирок бийлик көмүскөдөгү экономика менен күрөшүүдө жардам берет деген ишенимде.