Баткендин Сүлүктү шаарына маданият борбору курулат

Баткендин Сүлүктү шаарына маданият борбору курулат. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.

 

Белгиленгендей, облусту өнүктүрүү программасынын алкагында маданий борбор салууга 46 миллион сом бөлүү долбоору жактырылды.

 

Жылдын аягына чейин шаардык маданият бөлүмү, китепкана, музей жана искусство мектеби жаңы имаратка ээ болот, — деп айтылат маалыматта.