Бишкек түркиялык компаниядан автобустарды сатып алууну көздөөдө

Бишкек түркиялык компаниядан автобустарды сатып алууну көздөөдө. Бул маселени калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров фирманын өкүлдөрү менен талкуулады. Ага ылайык, ордо калаага газ менен жүргөн 16 чоң автобус келээри күтүлүүдө.

 

Транспорт бардык коопсуздук талаптарына жооп берет, кондиционер жана пандустар менен жабдылган. Жалпы сыйымдуулугу 85 адамды түзөт.

 

Автобустар абанын булганышы менен күрөшүү боюнча техникалык жардамдын алкагында Германия өнүктүрүү банкынын эсебинен сатылып алынат. Жалпы сумма беш миллион евродон ашат.

 

Автобустарды келерки жылдын март айына чейин алып келүү пландалууда.