Францияда кийим-кече жана бут кийимдерди оңдоп, кайрадан пайдалангандарга акча төлөнөт. Бул үчүн октябрдан тарта 6 евродон 25 еврого чейин компенсация бериле тургандыгы өкмөттүк программада каралган.
Демилге беш жылга созулат, ага 154 миллион евро бөлүнгөн.
Француз бийлигинин маалыматына ылайык, аталган өлкөдө жылына 700 миң тонна кийим-кече ыргытылат. Өкмөт керектөөчүлөрдү сапаттуу буюмдарды сатып алууга жана аларды оңдоп-түзөөгө көндүрүү аракетин көздөйт.