Бишкекте Элебесов көчөсүнүн капиталдык оңдоо иштери башталды. Мэриянын маалыматы боюнча, жумуштар анын асфальт-бетонндук заводунан Келечек жаңы конушундагы айланма жолго чейинки тилкесинде жүрүүдө.
Тилкеде жол катмары жаңыртылып, тротуар салынып, ирригациялык тармак өткөрүлөт.