Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи турунда 26 миң 500дөн ашык арыз кабыл алынды

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи турунда 26 миң 500дөн ашык арыз кабыл алынды.

 

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, талондордун басымдуу бөлүгү Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, Кыргыз улуттук университетине жана Ош мамлекеттик окуу жайына туура келет.

 

Ведомстводон белгилешкендей, алдыда дагы 3 тур бар. Болочоктогу студенттерден арыздар “Абитуриент онлайн” электрондук порталында кабыл алынат.