Бишкектин Мурас-Ордо конушунда сквер пайда болот. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган тендерге ылайык, жаңы эс алуу аймагы Мурас-Ордо көчөсүндө жайгашат.
Сквер түзүүгө жалпысынан 48,5 миллион сом жумшалат. Анда трибуна, концерттик аянтча, оюн комплекстери каралат. Андан тышкары, отургучтар, көчө жарыгы орнотулуп, ирригациялык система өткөрүлөт.