Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча биргелешкен комиссия жолугушту

Өзбекстандын Наманган шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча биргелешкен комиссиянын жумушчу топтору жолугушту. Министрлер кабинети билдиргендей, анда чек араны демаркациялоо маселеси талкууланды.

 

Ошондой эле айрым тилкелерди жеринен биргелешип изилдөө иштери жүргүзүлдү. Белгиленгендей, сүйлөшүүлөр достук жана түшүнүшүү маанайында өтүп, жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлду.