Кыргызстанда декреттик жөлөкпул кийинки жылдан тарта эки эсе көбөйөт

Кыргызстанда декреттик жөлөкпул кийинки жылдан тарта эки эсе көбөйөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 1-январдан баштап жөлөкпулдун республикалык бюджеттен төлөнүүчү бөлүгү тоолуу эмес аймакта иштеген аялдар үчүн ар бир айда 1 миң сомдун ордуна 2 миң сомдон болот.

 

Ал эми бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймакта иштеген аялдарга жөлөкпулдун бюджеттен каржылануучу бөлүгү алардын толук айлык акысынын өлчөмүндө жүргүзүлөт.