Энергетика тармагын каржылоого соңку алты айда 11 миллиард сомдон көп бөлүндү. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев өкмөттүн жыйында билдирди.
Каражат энергосекторду капиталдаштырууга, күз-кыш мезгилине даярдыкка, Камбар-Ата ГЭСин курууга жана «Бала-Саруу» чакан ГЭСин салууга жумшалды.