ТИМ Кариб деңизинде жоголгон кыргызстандык үй-бүлө тууралуу маалыматты тактоодо

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кариб деңизинде каза болушу мүмкүн делген кыргызстандык үй-бүлө боюнча маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.   Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Кариб бассейниндеги өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен окуянын чоо-жайын тактап жатат. Тиешелүү жооп келгенде кошумча маалымат берилет.   Буга чейин Казакстандын… Кененирээк…

Эртеңден тарта энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режими киргизилет

Кыргызстанда эртеңден тарта энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режими киргизилет. Бул чара ири энергетикалык объектилерге жер берүүнү жөнөкөйлөштүрүү жана аларды курууну тездетүү максатында кабыл алынган.   Мындан тышкары, эми энергетика компаниялары жабдууларды тендерсиз эле бир булактан сатып ала алышат.   Республикада жети ири гидроэлектростанция… Кененирээк…

Ошто кийим тиккен, трикотаж кездеме чыгарган жана жип ийриген фабрикалар ачылат

Ошто кийим тиккен, трикотаж кездеме чыгарган жана жип ийриген фабрикалар ачылат. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, индустриалдык-логигистикалык парк Кара-Суу районунда жайгашкан.   Маалыматка ылайык, курулуш бүгүнкү күндө 70 пайызга аяктап калды. Бул жердеги товар негизинен экспортко багытталары белгиленди.

Августтун биринчи декадасы Бишкекте ысык болот

Августтун биринчи декадасы Бишкекте ысык болот. Синоптиктердин маалыматына караганда, ордо калаада түнкүсүн 22…24, күндүз 37 градуска чейин ысыйт.   Жаан-чачын келерки айдын 10уна чейин дээрлик күтүлбөйт.   Эске салсак, метеорологиялык байкоолордун бүткүл мезгилинде Бишкек шаарында эң жогорку температура 2012-жылы 22-августта белгиленген, анда аба табы дээрлик… Кененирээк…

Бир жумада 20,3 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Ушул жылы 24-июлдан 30-июлга чейин Кыргызстандын аймагында 20 миң 327 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын ичинен: — тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 229; — мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу… Кененирээк…

Криштиану Роналду Инстаграм баракчасы аркылуу да эң көп киреше табат

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Инстаграм баракчасы аркылуу да эң көп киреше табат. Бул тууралуу The Sun билдирди.   Алсак, бир жарнамалык пост үчүн футболчу 2,2 миллион евро алат. Ошентип, ал америкалык модель Кайли Дженнерден да ашып түштү, анын баракчасындагы баа 1,7 миллион еврону түзөт.  … Кененирээк…

Жалал-Абадда автобекеттин жанындагы скверди реконструкциялоо иши башталды

Жалал-Абадда автобекеттин жанындагы скверди реконструкциялоо иши башталды. Бул тууралуу мэрия билдирди.   Маалыматка ылайык, аянты 8 миң чарчы метрден ашкан кичи паркта аллеяларга асфальт төшөлүп, жарыктандыруу, отургучтар жана фонтан орнотулат.   Мындан тышкары декоративдүү бак-дарактар ​​жана газон отургузулат. Ишти октябрь айында бүтүрүү пландалууда.

Китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт

Кыргызстанда китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт. Билим берүү министрлиги менен Маданият министрлиги меморандумга кол коюшту.   Документ балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүүгө жана китепканаларды өнүктүрүүгө багытталган.

Кыргызстанда мал чарбачылыгы бир кыйла өстү

Кыргызстанда ушул жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу мал чарбачылыгы бир кыйла өстү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, союлуучу малдын жана үй канаттууларынын саны, сүт жана жумуртка өндүрүү көбөйдү.   Мал чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон аймактардын ичинен Чүй облусу өзгөчөлөндү.

Эркечтам” өткөрмө бекетин модернизациялоо түйшүктү жеңилдетет

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрмө бекетин модернизациялоо аталган пунктагы түйшүктү жеңилдетет.   Учурда бул бекет күн сайын 100 жүк ташуучу, 60 жеңил машинанын өтүшүнө ылайыкташкан. Шарт жакшыргандан кийин күнүгө 1 миң машинага чейин өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул үчүн ал жерде төрт тилкелүү жол жана узундугу… Кененирээк…