Кыргызстандын түштүгүндө эки жолу жер титиреди

Кечээ Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 30-июль күнү саат 16:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сузак районунун Кызыл-Туу а/а Аркыт айылында жана Кара-Суу а/а… Кененирээк…

Бишкекте кийим тигүүчү кичи ателье ачылды

Бишкек шаарынын 12-кичирайонунда мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган жайда кичи тигүү ательеси ачылды.   Ателье Октябрь акимчилигинин жана Коргоо министрлигинин демилгеси, «Центр Ас-Сафа» коомдук бирикмеси жана «Авангард Билдинг» ЖЧК курулуш компаниясынын каржылык колдоосу менен ачылган.   Долбоордун максаты — үй-бүлөлөрдү өздөрүнүн оор турмуштук абалынан чыгуу үчүн активдүү… Кененирээк…

Ошто ондогон милиция нааразылыкка чыкты

Кечээ, 28-июлда түн киргенде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн 50дөй кызматкери мекеменин жетекчиси Айбек Жумагуловго нааразылык билдирип, милициянын кайгуул кызматынын имаратынын алдына чыгышты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.   Чогулгандар жетекчилик менен иштеше албай турганын айтып, Ички иштер министрлигине (ИИМ) жети пункуттан турган… Кененирээк…

Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандар онлайн каттоого турса болот

Эми Кыргызстанга келген туристтер жана чет өлкөлүк жарандар онлайн каттоого турса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева билдирди.   Маалыматка ылайык, чет элдиктер каттоого Калкты каттоо департаментинин сайты аркылуу тура алат.   Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жыл башынан бери 330 миңге жакын… Кененирээк…

Ички иштер министрлиги 100гө жакын жаңы кызматкер алат

Ички иштер министрлиги 100гө жакын жаңы кызматкер алат. Мекеме жетекчиси Улан Ниязбеков билдиргендей, анын алкагында жер-жерлерде тергөө кызматтарынын ишин жакшыртуу пландалууда.   Маалыматка ылайык, кошумча кызматкерлер министрликке экономикалык иштерди тергөө милдети берилгендиктен ишке алынат.   Эске салсак, буга чейин президент прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугун… Кененирээк…

Бактылуулук деңгээли боюнча рейтингде Кыргызстан эки позицияга көтөрүлдү

Калктын бактылуулук деңгээли боюнча рейтингде Кыргызстан эки позицияга көтөрүлдү. Жер институтунун жана Туруктуу өнүктүрүү борборунун жаңыланган маалыматтарына караганда, учурда биздин өлкө 62-орунда турат.   Алдыңкы үчтүк өзгөргөн жок: Финляндия, Дания жана Исландия. 137 өлкөнүн ичинен эң акыркы тизмеде Афганистан жайгашкан.   Коңшулар — Казакстан 44,… Кененирээк…

Нарындагы Чкалов орто мектебине 500 орундуу кошумча корпус курулат

Нарындагы Чкалов орто мектебине 3 кабаттуу, 500 орунга ылайыкталган кошумча корпус курулат.   Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендер Нарын аймактык курулуш жана инженердик инфраструктура тарабынан жарыяланды.   Пландалган сумма дээрлик 178 млн сомду түзөт.

Австралиялык киши үйүнүн дубалдарынан адамдын 10 кг чачын тапты

Австралиялык киши үйүнүн дубалдарынан адамдын 10 кг чачын тапты. Ар кандай түстөгү чачтар имараттын жылуулук изоляциясы үчүн материал катары колдонулган.   Көрсө, үйдүн мурунку кожоюну сулуулук салонунун ээси болгондуктан, курулуш материалдарын сатып алуудан үнөмдөөнү чечкен. Үйдүн чатырында дагы бир нече кап чач табылган.   Кырдаалдын… Кененирээк…

Жыл башынан бери 330 миңге чукул чет өлкөлүк жаран каттоого турду

Кыргызстанда жыл башынан бери 330 миңге жакын чет өлкөлүк жаран каттоого турду. Бул былтыркыга салыштырмалуу 33 миңдей адамга көп деп билдирди Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева.   Маалыматка ылайык, 60 күндүк каттоого турган чет элдик жарандардын көбү — мигранттар, студенттер жана туристтер.

Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүүдө

Бишкектин Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүүчү мекеме эки кабаттан турат.   Учурда биринчи кабаттын каркасы толук бүтүп, экинчи кабаттын колонналарынын монолити даярдалууда.