Криштиану Роналду Инстаграм баракчасы аркылуу да эң көп киреше табат

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Инстаграм баракчасы аркылуу да эң көп киреше табат. Бул тууралуу The Sun билдирди.

 

Алсак, бир жарнамалык пост үчүн футболчу 2,2 миллион евро алат. Ошентип, ал америкалык модель Кайли Дженнерден да ашып түштү, анын баракчасындагы баа 1,7 миллион еврону түзөт.

 

Бул көрсөткүч боюнча алдыңкы үчтүктү дагы бир футболчу Лионель Месси жапты. Ал бир пост үчүн 1,52 миллион евро талап кылат.