Жалал-Абадда автобекеттин жанындагы скверди реконструкциялоо иши башталды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, аянты 8 миң чарчы метрден ашкан кичи паркта аллеяларга асфальт төшөлүп, жарыктандыруу, отургучтар жана фонтан орнотулат.
Мындан тышкары декоративдүү бак-дарактар жана газон отургузулат. Ишти октябрь айында бүтүрүү пландалууда.