Бир жумада 20,3 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Ушул жылы 24-июлдан 30-июлга чейин Кыргызстандын аймагында 20 миң 327 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 229;
— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 248;
— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 51;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 548;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 162;
— авто ээнбаштык – 7;
— белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 710;
— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 366;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 350 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.