Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы иштен кетти

Кеңешбай Тайлаков Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу Тайлков өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазды.

 

Ал белгилегендей, кызматтан кетүү боюнча арызын 14-августта жазган. Ал ошондой эле билдирүүсүндө ведомстводо аткарган иштери тууралуу да айткан.

 

Эске салсак, Тайлаков 2022-жылдын февралында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалган.