Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, силкинүү кечээ, 17-август күнү саат 19:54дө болгон.
Жер титирөө Сузак районунун Октябрь, Жерге-Тал айылдарында — 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Кара-Чолок айылында — 4 балл, Жалал-Абад шаарында — 3,5 баллга чейин сезилген.
Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.