Бейонсенин дүйнөлүк туру тарыхтагы аял аткаруучулардын эң кирешелүүсү болуп калды

Ырчы Бейонсенин “Ренессанс” аттуу дүйнөлүк туру тарыхтагы аял аткаруучулардын эң кирешелүүсү болуп калды. Артист 460 миллион доллардан ашык киреше тапкан.

 

Ошол эле учурда каражат дагы көбөйөт, анткени гастролдун алкагында Бейонсенин быйыл октябрь айына чейин дагы жети концерти пландалган.

 

Буга чейинки рекорд 2008-2009-жылдары гастролдо 411 миллион доллар тапкан Мадоннага таандык болчу.