Москвада кыргызстандык мигранттарга жардам берүү борбору ачылды

Москвада кыргызстандык мигранттарга жардам берүү борбору ачылды.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Умай эне” кайрымдуулук борборун ачуу аземине онлайн форматта катышты.

 

Анда миграцияда жүрүп турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдарга, ошондой эле алардын балдарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берилет. Борбор 17 орунга эсептелип, аялдарга жана балдарга үч маал тамак-аш берилип,  медициналык жардам көрсөтүлөт.