Россия Кыргызстан мектептеринде ысык тамак берүүнү жакшыртууга 15 миллион доллар бөлүп берет

Россия Кыргызстан мектептеринде ысык тамак берүүнү жакшыртууга 15 миллион доллар бөлүп берет. Аталган өлкөнүн элчилигинен билдиришкендей, долбоордун алкагында буга чейин Кыргызстанга 22 миллион доллар бөлүнгөн.

 

Бул каражатка республикадагы 200 миң бала ысык тамак менен камсыздалган.  850 мектептин ашканасына тиешелүү жабдуулар сатылып алынып, 4 миң тонна байытылган ун жеткирилди. Андан тышкары, 3 миң адам ашпозчу жана ашкана жумушчулары катары ишке орноштурулган.