“Нарын” аэропортун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

“Нарын” аэропортун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, учурда аба майдандын учуп-конуу тилкесин жаңыртуу, асфальттын жаңы катмарын төшөө жүрүп жатат.

 

Андан тышкары, аэропорттун перрондук аянтчасын калыбына келтирүү, суу өткөрүүчү лотокторду, бордюрларды орнотуу иштери жүрүүдө. Эске салсак, Нарын аба майданы 1964-жылы ишке кирип, бирок 1990-жылдары иштебей калган.

 

Аэропортту калыбына келтирүүгө 90 миллион сом бөлүнгөн.