Министрлик сасык тумоого каршы 90 миң дозадан ашык вакцина сатып алды

Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого каршы 90 миң дозадан ашык вакцина сатып алды. Ведомстводон билдиришкендей, учурда дарылар бардык аймактарга бөлүштүрүлүп, жөнөтүлүүдө.   Вакцина алуу акысыз. Биринчи кезекте медицина кызматкерлери, тез-тез ооруган балдар, өнөкөт оорулары бар адамдар, 65 жаштан жогорку жарандар жана кош бойлуу аялдар эмделет.

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезеги кайрадан пайда болду

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” жана казак тараптагы “Карасуу” өткөрмө бекеттеринде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги кайрадан пайда болду.   Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда “Ак-Тилекте” 100дөн ашык, “Карасууда” ондогон машине кезек күтүп турат.   Тыгындын пайда болушуна сезондук жүк ташуу гана себеп болуп жатканы… Кененирээк…

Бишкекте шахмат боюнча мелдеш өтөт

Бишкектин Биринчи май районунда балдар жана чоңдор арасында шахмат боюнча мелдеш өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 23-сентябрда саат 10:00дө Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги «Шахмат аллеясында» болот.   Турнир Швейцария системасынын ФИДЕ эрежеси боюнча 7 раундда өтөт.   Жеңүүчүлөр топтолгон упайлардын саны боюнча аныкталат, бирдей… Кененирээк…

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт. Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 9дан кечки 10го чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү менен чектешкен аймактарда жана темир жол линиясында өчүрүүлөр күтүлөт.   Ошондой эле Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасында да суу жок болот. Мунун себеби оңдоо иштерине… Кененирээк…

Кыргызстанда ОРВИ менен ооругандар көбөйүп жатат

Кыргызстанда курч респиратордук инфекциялар менен ооругандар көбөйүп жатат.   Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 4-сентябрдан 10-сентябрга чейин республикада 2,5 миңден ашык инфекция жугузгандар катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 30 пайыздан ашыкка көп.   Ооругандардын басымдуу бөлүгүн 14 жашка чейинки балдар түзөт.   Дарыгерлер курч респиратордук… Кененирээк…

Россияда эмгек мигранттары үчүн адаптациялык курстар иштелип чыкты

Улуттар иштери боюнча федералдык агенттик (ФАДН) Борбор Азиядан келген эмгек мигранттар үчүн адаптациялык курс иштеп чыкты, анда Россиянын мыйзамдары жана аталган өлкөдө жүрүү тартиптери (жүрүм-турум эрежелери) жазылганын ТАСС жазды. ФАДНдин жетекчиси Игорь Баринов бул туурасында Чыгыш экономикалык форумунда айткан. Аталган форумдагы пленардык жыйында Россия лидери Владимир Путин… Кененирээк…

Синоптиктер эскертет: 20-сентябрдан тарта күн сууктайт

Синоптиктер эскертет: 20-сентябрдан тарта күн сууктайт. Бүгүн Бишкекте асманды ала булуттар каптап турганы менен, аба табы +20…+24 градуста сакталат. Эртең дагы күн жылуу болот, бирок шамал болушу ыктымал.   Ал эми шаршембиде күндүз температура мамычалары 14 градустан жогорулабайт. Жаан жума күнгө  чейин жаайт. Жаан-чачын ишембиде… Кененирээк…

Садыр Жапаров иш сапар менен Нью-Йоркко келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.   Сапардын алкагында Мамлекет башчысы БУУнун саммитинин ишине Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин Лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы… Кененирээк…

Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жолго чыга турган айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат

Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жолго чыга турган айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат. Унаа жана жолдор министрлигинен такташкандай, бүгүн түндө республика аймагында жаан, ал эми тоо этектеринде кар жаайт.   Туруксуз аба-ырайы ашууларда жол кыймылын татаалдантып, тыгындарды жана авариялык абалды жаратышы мүмкүн. Андыктан, айдоочулар этият… Кененирээк…

Үстүбүздөгү жылдын январынан июлга чейин Кыргызстандан чет өлкөгө  286 миллион 830 миң доллар которулду

Үстүбүздөгү жылдын январынан июлга чейин Кыргызстандан чет өлкөгө  286 миллион 830 миң доллар которулду.   Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында камтылган. Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу аткарылган транзакциялары тууралуу болуп жатат. Каражат ар кандай валюталар менен жөнөтүлөт, бирок эсептегенде доллар эквивалентинде көрсөтүлөт.  … Кененирээк…