Кыргызстанда ОРВИ менен ооругандар көбөйүп жатат

Кыргызстанда курч респиратордук инфекциялар менен ооругандар көбөйүп жатат.

 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 4-сентябрдан 10-сентябрга чейин республикада 2,5 миңден ашык инфекция жугузгандар катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 30 пайыздан ашыкка көп.

 

Ооругандардын басымдуу бөлүгүн 14 жашка чейинки балдар түзөт.

 

Дарыгерлер курч респиратордук вирустук инфекциялар туруксуз аба ырайынан улам пайда болушу мүмкүн экенин белгилешет, бул организмдин коргонуу күчүн төмөндөтөт.