Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт. Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 9дан кечки 10го чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү менен чектешкен аймактарда жана темир жол линиясында өчүрүүлөр күтүлөт.

 

Ошондой эле Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасында да суу жок болот. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.