Кыргызстанда айрылып калган же техникалык талаптарга жооп бербеген желек, гербди колдонуу үчүн айып салуу сунушталды

1160921 21.06.2012 Флаг Киргизии на здании посольства Киргизии в Москве. Алексей Ничукин / РИА Новости

Кыргызстанда айрылып калган же техникалык талаптарга жооп бербеген желек, гербди колдонуу үчүн айып салуу сунушталды.

 

Экономика министринин орун басары Чыңгыз Макешовдун айтымында, административдик айыптын өлчөмү физикалык жактарга 3 миң сомду, юридикалык жактарга 13 миң сомду түзөт.

 

Чиновник белгилегендей, мамлекеттик символиканы даярдоо жана колдонуу боюнча мыйзамдуу талаптар бар, бирок алар айрым учурда колдонулбай келет. Бул мыйзам долбоорду профилдик комитет кароого алып, биринчи окууда жактырды.