Кара-Балта шаарында фармацевтикалык заводдун курулушу башталды

Кара-Балта шаарында фармацевтикалык заводдун курулушу башталды. 14 гектар аянтты ээлеген ишкана Кыргызстан жана Кытай ортосундагы келишимдин негизинде курулат.

 

Долбоордун жалпы баасы 33 миллион долларды түзөт. Завод 2024-жылдын июль айында ишке кирип, биринчи дары-дармек өндүрүү линиясы кое берилет. Аны ишке киргизүү боюнча жалпысынан 3 этап каралган. Заводдо 300 адамга жаңы жумуш орундары түзүлөт.