23-сентябрда Кытайда XIX Азия оюндары старт алат

23-сентябрда Кытайда XIX Азия оюндары старт алат. Мелдештер 8-октябрга чейин созулат. Программага спорттун 40 түрү жана 500дөй ар кандай иш-чара киргизилген.

 

Азия оюндарына 12 миң спортчу катышат, анын ичинде Кыргызстан өкүлдөрү дагы бар. Биздин команда 180 спортчудан турат. Алар спорттун 26 түрүнөн күч сынашат. Арасында бокс, сууда сүзүү, жаадан атуу, дзюдо, күрөш, оор атлетика, гимнастика, таэквондо, шахмат жана башкалар бар.