Кадамжай районунда жаңы мектеп пайда болот. Чандеки айылында жайгашкан окуу имараты 150 окуучуга чакталат. Курулушка мамлекеттик бюджеттен дээрлик 74 миллион сом бөлүнгөн.
Мектеп колдонууга 2024-жылы берилет деп пландалууда. Белгилеп кетсек, буга чейинки мектеп имараты 67 жыл мурда ашар жолу менен салынып, авариялык абалга келген.