Майыптыгы бар балдардын ата-энелери үчүн атайын окуу уюштурулат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, адистер 540 ата-энени психологиялык-педагогикалык жактан түшүнүгүн, билимин өркүндөтүп, дареметин ачууга, бекемдөөгө жардам беришет.
Социалдык маанилүү долбоорлорго республикалык бюджеттен 48 миллион сом каралууда, — дешти ведомстводон. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын расмий саны 200 миң, алардын 35 миңи балдар.