Бишкекте Константин Юдахинге арналган мурал пайда болду

Бишкекте тилчи-окумуштуу Константин Юдахинге арналган мурал пайда болду. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Юдахин кыргыз тил билимин жана орус-кыргыз маданий диалогун өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн «орус кыргызы» деп айтылып калган. Юдахин — көрүнүктүү лингвист, профессор, академик, кыргыз-орус жана орус-кыргыз фундаменталдык сөздүктөрдүн автору.
Юдахиндин портрети Кыргыз-Россия Славян университетинин гуманитардык факультетинин фасадына тартылды.
Арт-объект «Кыргызстан — Россия: жалпы маданий мурас» фестивалынын алкагында ачылды.